Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Майлуу-Суунун имам-хатиби медколлеждин студенттерине сабак өттү


Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын башкы имам-хатиби Абсатар Эркинбеков шаардагы медициналык коллеждин студенттери менен жолугушуп, ала качуунун шарияттагы орду жана үй-бүлөгө тийгизген таасири тууралуу баяндама жасады. 

Муфтияттын басма сөз кызматы 20-декабрда билдиргендей, молдо кыздардын эркине каршы турмуш курууга мажбурлоо мыйзам боюнча кылмыш саналарын, шариятка да туура келбей тургандыгын айтты. 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тараткан сүрөттөрдө имам-хатибдин сабагына студент кыздар катышканын көрүүгө болот. 

Жолугушуунун алкагында молдо кыздарга ыйман, адеп-ахлак тууралуу да сүйлөп, Интернеттеги социалдык тармактарды азыраак колдонуп, көбүрөөк китеп окууну сунуш кылган.

Имам-хатибдин жолугушуусу коомчулук менен дин кызматкерлеринин жолугушуулары боюнча мурда белгиленген иш тартибинин алкагында өттү. (SE)

 

XS
SM
MD
LG