Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Бишкекте кыйноого тыюу салуу маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн, 21-декабрда жабык жайлардагы кыйноого тыюу салуу маселеси талкууланат. "Кыйноону заманбап технологиялар менен кантип жок кылыш керек?" деген иш-чарада Борбор Азиядагы эл аралык түрмө реформасы (PRI) уюмунун жетекчиси Азамат Шамбилов, Түндүк Ирландиянын мурдагы түрмө акыйкатчысы Паулин Маккейб сөз сүйлөшөт.

Маккейб укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иштөө стандартын өзгөртүү аркылуу жаза өтөө жайларындагы өлүмдү азайтууга салым кошкону белгилүү. Азамат Шамбилов кыйноонун алдын алуу боюнча Кыргызстанда киргизилип жаткан Европанын ыкмалары тууралуу айтып берет.

Иш-чараны Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор эл аралык уюмдар, тиешелүү мамлекеттик органдар менен кошо уюштуруп жатат. Ага Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Акыйкатчы институтунун жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

"Кыйноого каршы коалиция" өкмөттүк эмес уюмунун маалыматына караганда, 2016-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда 1140 киши кыйноого кабылганын айтып кайрылган. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн белгилешкен.

Ноябрда Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор жыл башынан бери бул мекемеге 250гө жакын арыз-даттануу түшкөнүн билдирген. Анын 100дөн ашыгы кыйноо фактысы боюнча арызданган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG