Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Йеменге БУУнун байкоочулар миссиясы барды


Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порту. 1-апрель, 2018-жыл.
Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порту. 1-апрель, 2018-жыл.

Нидерланддын отставкадагы генералы Патрик Каммарт баштаган топ Йемендин Ходейда портундагы кырдаалга көз салышы керек. Ходейда порту - Йемендин калкы өтө муктаж болгон гуманитардык жардамды кабыл алган негизги түйүн.

БУУнун миссиясы Ходейдага борбор Санада козголоңчулардын, ал эми Аден шаарында өкмөттүн өкүлдөрү менен жолуккан соң келди.

Йемендеги каршылашкан тараптар ушул айдын башында Швециядагы сүйлөшүүлөрдө азыр козголоңчулар ээлеп турган Ходейда порттук шаарында ок атышууну токтотууну макулдашкан.

Бул макулдашуунун аткарылышына көз салыш үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши Йеменде байкоочуларды жайгаштыруу тууралуу чечим боюнча 21-декабрда атайын резолюция да кабыл алган.

Йемендеги азыркы жарандык согуш 2014-жылдын соңунда башталган. Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы 2015-жылдан бери ээлеп турат.

Суннит араб мамлекеттеринин Сауд Арабиясы баштаган коалициясы Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтириш үчүн хуситтерге каршы аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында баштаган.

БУУ Йеменде согушту ачарчылык коштогон кырдаалды “эң оор гуманитардык кризис” деп атаган. (UE)

XS
SM
MD
LG