Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте президенттик балаты майрамы өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Жаңы жылдык майрам улуттук филармониянын чоң залында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтөт.
Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан окууда жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөтө алган 1100 окуучу, Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары чакырылган. (RK)