Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:28

Түркмөнстанда социалдык сайт иштей баштады


иллюстративдик сүрөт
иллюстративдик сүрөт

Түркмөнстанда "Биз бярде" ("Биз бул жердебиз") аттуу социалдык сайт ишке кирди. Бул тууралуу "Медиа-Түркмөн" агенттигине шилтеме жасап "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

Маалыматка караганда, сайттын тиркемесинин бет ачары 23-декабрда, жаш таланттарды колдогон "Сунгат эсери" компаниясы уюштурган концерт учурунда өткөрүлгөн.

"Эмгегибиз колдонуучуларга жакса экен деп көп иштедик. Эбегейсиз кыйынчылыктарга туш болдук. "Биз бярде" идеалдуу эмес, бирок көп параметрлери боюнча Түркмөнстанда белгилүү башка аналогдордон калышпайт" - дейт "Сунгат эсери" компаниясынын жетекчиси Азиза Бекназарова.

Тиркеме ушул кезге чейин 5 миңден ашуун ирет көчүрүлгөнү, 3 миңден ашык адам колдоно баштаганы кабарланат.

Ошол эле маалда дүйнөгө белгилүү "Фейсбук", "Твиттер" жана "Инстаграм" социалдык тармактарына Түркмөнстанда бөгөт коюлган. Жергиликтүүлөр аларга кирүү үчүн прокси серверлерди колдонууга аргасыз.

XS
SM
MD
LG