Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 9-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...4,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5,
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -9...-14 градус болот.
9-январда Бишкекте түнкүсүн жана күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3° суук, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° жылуу болот. (KR)