Конституциялык палатанын судьялары жана анын аппаратынын кызматкерлери 10-январда 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров отчет берип, өткөн жылы конституциялык сот өндүрүшүнө байланыштуу жалпысынан 63 кайрылуу каралганын билдирди. Каралган иштердеги маселелердин 75% өлкөнүн Баш мыйзамына толук же жарым-жартылай каршы, 25% Конституцияга туура келет деп чечилген.
Мамыров жыйында “бул фактылар конституциялык көзөмөлдөө органы жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, Баш мыйзамда камтылган идея жана принциптерди коргоодо жана камсыз кылууда өз ролун мыкты аткарганын көрсөтүп турганын түшүндүрөт” деп айтты.
Кеңешмеде Конституциялык палатанын аппарат жетекчиси Акылбек Сарбагышов да отчеттук мезгил ичинде аткарылган иштер жана аппараттын кызматкерлери караган кайрылуулар жөнүндө маалымат берди.
Мекеме тараткан билдирүүдө каралган иштердин мазмуну көрсөтүлгөн эмес.
Былтыркы жылдын аягында Жогорку Кеңеш менен Конституциялык палатанын ортосунда экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзамдан улам кайым айтышуу чыккан.
Буга Конституциялык палатанын аталган мыйзамдагы "экс-президент кол тийбестикке ээ" деген 12-беренеси Конституцияга каршы келет деп таап, аны ондоо боюнча өкмөт менен парламентке сунуш бергени себеп болгон. Муну парламент депутаттары "Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарынан аша чабуусу" деп баалашкан. (ErN)