Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

Кол тийбестиктин айланасындагы айтыш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш менен Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзамдан улам кайым айтышты.

Жогорку Кеңеш менен Жогорку сотко караштуу Конституциялык палатанын ортосундагы кайым айтыш өткөн аптада парламентте каралган экс-президенттен кол тийбестиги боюнча маселеден улам чыкты.

Буга чейин аталган мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин Конституциялык палата карап, экс-президент кол тийбестикке ээ деген 12-берене Конституцияга каршы келерин тапкан. Бирок экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу учурдагы президентке импичмент жарыялоо процедурасынан жеңил болбошу керек деп, бул жаатта өкмөт менен парламентке мыйзамды оңдоону сунуштаган.

Дал ушул Конституциялык палатанын өкмөт менен парламентке жолдогон сунушун Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жактырган жок. Алар "судьялар өз ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланды" деп сындашууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бул тууралуу айтып чыккан депутаттардын бири:

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Конституциялык палатанын чечимин эч ким талкуулоого же туура, туура эмес деп айтууга укугу жок. Бирок биз мыйзам чыгаруучу орган катары көрүп турган кемчиликтерди айтып коюшубуз керек. Буга милдеттүүбүз. Конституциялык палата мыйзам чыгаруу органына, аткаруу бийлигине "экс-президентке мындай статус бергиле" деп өз ыйгарым укуктарынан аша чаап чыгарган. Тилекке каршы, Конституциялык палата муну коңшу өлкөлөрдөн алып, практикалап алды. Аткаруу бийлигине финансылык, чарбалык иштерге көрсөтмө берүүгө булардын укугу жок болчу.

Зулушевдин мындай сын пикирине айрым депутаттар да кошулду.

Конституциялык палата парламент мүчөлөрүнүн бул сынына 18-декабрда расмий билдирүү таратуу менен жооп кайтарды. Анда айрым депутаттар Конституциялык палатанын дарегине сын айтуу менен атайлап коомчулукту адаштырып, Конституциялык көзөмөлдү жүргүзгөн жогорку соттук органдын ишмердигин дискредитациялоого багытталган иш жүргүздү деп айтылат.

"Кайсы бир мыйзамдын нормасы Конституцияга толук же жарым-жартылай шайкеш келбегени таанылган учурда талашка түшкөн мыйзамды Баш мыйзамга дал келтирүү боюнча тапшырма мыйзамды чыгарган орган, тактап айтканда Жогорку Кеңешке берилет. Жогорку соттун Конституциялык палатасы жөнүндө мыйзамга акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, мындай тапшырма өкмөткө да берилет. Себеби, өкмөт Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу үчүн тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыккан жооптуу орган болуп саналат", - деп белгиленген билдирүүдө.

Мындай жол Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарынан аша чапты, парламент менен өкмөттүн ишине кийлигишти деген айыптарды четке кагууда. Ошентип экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзамдын эки бутагы ортосунда эки ача пикирди жаратты.

Адистер да бул маселени ар түрдүүчө түшүндүрүп жатат. Маселен, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова аталган мыйзамды кароодо өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен деген пикирде:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары маселени кароодо бул норма Баш мыйзамга каршы келет же келбейт деген жоопту берүү менен чектелиши керек. Мыйзамда суралган маселе чегинен чыгууга мүмкүн эмес так көрсөтүлүп турат. Адвокат Нурбек Токтакунов экс-президентке кол тийбестик берүү Баш мыйзамга туура келеби же келбейби деп өтүнүч келтирген. Булар болсо "Конституцияга туура келбейт, бирок..." деп өзүнүн бир нерселерин кошуп салып жатпайбы.

Ал эми Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов парламентте айтылган сөздүн жүйөсү болгону менен депутаттар да Конституциялык палатага үстөмдүгүн көрсөтүп, көзөмөлгө алуу аракети байкалып жатканын белгилейт:

- Экс-президенттен кол тийбестикти алуу боюнча маселе парламентте талкууланып жатканда Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Куван Кыргызбаевди депутаттар чакырып отургузуп коюшту. Бул аябай осол иш болду. Конституциялык соттун кароосунда же келечекте каралчу маселе боюнча судья ачык билдирүү жасашы туура эмес. Буга мыйзам тыюу салат. Бул норма Жогорку Кеңештин регламентинде да каралган. Ошондуктан депутаттар өздөрүнө керек учурда Конституциялык палатанын судьяларын өз позициясын бекемдеш үчүн чакыра койгону туура эмес.

Осмонов айтып жаткан Конституциялык палатанын төрагасынын орун басарын парламентке чакырып, түшүндүрмө талап кылуу мыйзамга каршы келерин ошол жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев да айтып чыккан.

Бийликтин эки бутагы эки башка чечмелеп, түшүнбөстүк жараткан экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам акыркы айларда талкууга түшүп келет.

Буга чейин адвокат Нурбек Токтакунов бул маселе боюнча Конституциялык палатага кайрылган. Буга кошумча парламентте бул маселе боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, биринчи окууда кабыл алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG