Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

Өзбек аскерлеринин балдарынын окуусуна мамлекеттик грант берилет


Президент Шавкат Мирзиёев өзбек армиясынын офицерлери менен. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Президент Шавкат Мирзиёев өзбек армиясынын офицерлери менен. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн куралдуу күчтөрүн түзүлгөн күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти президенттин басма сөз кызматынын сайтына жарыяланды. Мамлекет башчынын куттуктоосунда куралдуу күчтөр келечекте кесипкөй, интеллектуалдык жана психологиялык тажрыйбасы бар аскерлерге муктаж экени белгиленет.

“2019-жылы аскер кызматкерлерине жеңилдетилген насыя менен 116 көп кабаттуу турак жай салынат. 700дөн ашуун аскерлердин балдарына жогорку окуу жайларында билим алууга мамлекеттик грант берилет” деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Мирзиёев эл аралык терроризм коркунучун да эске салып, Өзбекстанда жаңы коргонуу доктринасы иштелип чыкканын билдирди.

Лондогу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча өзбек армиясы Борбор Азиядагы эң кубаттуу армия болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG