Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Албек Ибраимовдун соту 28-январга жылды


Албек Ибраимов темир тор артында.
Албек Ибраимов темир тор артында.

15-январда Октябрь райондук сотунда Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү башталып, кийинки отурум 28-январга белгиленди. Сот жараянында ал журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин айтты.

Албек Ибраимовго ""Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган.

Мындан тышкары Ибраимов Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушунан акча өөнөлүшү боюнча да айыпталып жатат. Бул иш боюнча соттук териштирүү баштала элек. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мектеп курулушундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаганын жарыялаган.

Мектеп курулушундагы коррупцияга байланыштуу аны менен кошо күнөөлөнүп жаткандардын бири, мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовду Бишкек шаардык соту 31-январга чейин камакта калтырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG