Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:53

Кулматов менен Ибраимовдун иши тергелип бүттү


Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов. Коллаж.
Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов. Коллаж.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү аяктады.

Калыс-Ордодогу мектептин курулушунан акча өөнөө фактысы боюнча Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы, мектепти салган компаниялардын жетекчилери күнөөлөнүп, камакка алынган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча акыркы айыптары угузулду. УКМКнын басма сөз борборунун өкүлү Асел Адылбек кызы "Азаттыкка" билдиргендей, тергөө Калыс-Ордодогу мектептин курулушунан казынага 95 миллион сом зыян келтирилгенин аныктады.

Калыс-Ордодогу мектеп.
Калыс-Ордодогу мектеп.

- Мурдагы мэрлердин жетекчилиги алдында мектептин курулушу мамлекеттик сатып алуу жана курулуш боюнча мыйзамдарды одоно бузуу менен жүргүзүлгөн, - деди ал. - Курулуштун долбоорлоо-сметалык, уруксат берүүчү жана башка тиешелүү документтери болгон эмес. Жалдануучу компания коррупциялык схема менен тендерсиз тандалган. Акча каражаты бул компанияларга мыйзамсыз которулган. Жалданма компаниянын акчанын сарпталышы тууралуу отчетунда эреже бузулган учурлар болгон. Айрым учурда отчет такыр болгон эмес.

Асел Адылбек кызынын айтымында, учурда айыптоочу жана жактоочу тарап кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жатат. Ал бүткөндөн кийин иш Башкы прокуратурага жиберилип, сотко өтөт.

УКМКнын бул маалыматынан кийин Кыргызстан Социал-демократтар партиясы (КСДП) Баш мыйзам бузулуп жатканын билдирип чыкты. Кулматов менен Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев күнөөсүздүк презумпциясы сакталбай жатканын, мурдагы эки мэр мектеп курулушундагы коррупция боюнча ак жерден, негизсиз камалганын жарыялады.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы мэрлер саясий куугунтукка кабылганын билдирди:

- УКМК "мектеп курулушунда катачылык кеткен" деп жатат. Чындыгында мыйзамды одоно бузуу тергөө убагында болду. Мектепти эксплуатацияга берүү тууралуу чечимди мамлекеттик комиссия кабыл алган. Эми сот жараяны башталганда коомчулук баарына күбө болот. Кулматов менен Ибраимовго коюлган айыптар акылга сыйбас, ак жип менен кара чүпүрөктү жамагандай эле көрүнүп калат. КСДП Калыс-Ордо жаңы конушунда гранттын эсебинен салынган мектептин курулушу боюнча кылмыш иш козголгондон тартып эле тынбай билдирип келатат. Бул жараяндардын баары - саясий куугунтуктун бир элементи!

​Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда жайгашкан 660 орундуу мектеп негизинен Кытайдын TBEA компаниясы берген 2 миллион долларлык грантка курулган. Курулушка бул акча жетпей калганы айтылып, шаардык бюджеттен дагы 114 миллион сом бөлүнгөн.

УКМК өкмөт адегенде ТВЕА компаниясы бере турган 2 миллион долларга аймактарга миң окуучуга эсептелген эки мектеп курууну пландаганын эске салды.

Ал эми Кубанычбек Кулматов былтыр камакка алынарда журналисттерге мектеп боюнча өзүнө айып коюлганына түшүнбөй жатканын айткан:

- "Каражатты туура эмес пайдаланган" деп мени күнөөлөп жатышат. Бирок бул акчаны мэрия көргөн жок. Мектепти TBEA өзү салган. "Зыян келтирди" деген мага түшүнүксүз.

​Ошол эле кезде атайын кызмат мектептин курулушу боюнча козголгон кылмыш ишине Албек Ибраимовдун кандай катышы бар экенин түшүндүргөн жок.

Кубанычбек Кулматов 2014-жылдын январынан 2016-жылдын февралына чейин Бишкекти башкарган. Ошол эле жылы февралдын этегинде бул кызматка Албек Ибраимов дайындалып, 2018-жылдын июнь айына чейин иштеди. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев акыркы кездеги кылмыш иштери коомдо көп суроо жаратып жатканын белгиледи:

- Бул иштердин баары саясатташып кетти. Иштин жагдайын түшүнбөй туруп эле "соттолушу керек" дегендер канча? Соттолбош керек экенин айткандар да бир топ. Ушунун өзү саясат да. Жагдайды жакшы түшүнбөгөндөн кийин комментарий бербей эле коюш керек.

Мектеп курулушундагы коррупция боюнча иш - мурдагы мэрлерге карата козголгон жалгыз кылмыш иши эмес. Кулматов Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелери ("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") менен да айыпталып жатат.

Ал эми Албек Ибраимовго "Дастан” ишканасын жетектеп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштары болуп саналган мурдагы эки аткаминер былтыр жайдан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Ал эми Калыс-Ордодогу №86 орто мектептин курулушу он жылдай убакыт мурда башталган. Бирок тендерлерге жана акча тартыштыгынан чыккан ызы-чууга байланыштуу курулуш улам токтоп калып, 2014-жылы кайра жанданган. Андан кийин да курулуш токтоп, акыр-аягы 2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда пайдаланууга берилген. Колдон колго өткөн курулушту бүткөргөн "Айкөл курулуш" компаниясы мектепти салууга TBEA берген акча жетпей калгандыктан, кошумча акча алынганын билдирип жүрөт.

Мектеп курулушунда мыйзам бузулганын укук коргоо органдары TBEА компаниясы модернизациялаган Бишкек ЖЭБинде былтыр январда авария болгондон кийин жарыялаган.

2014-жылы ЖЭБди модернизациялоого 386 млн. доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы бул суммадан сырткары 2 млн. доллар гранттык акчага мектеп салып берүүгө убада берген.

Ал акчага Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча куруу жагы чечилген. Кийин ал 750 орунга, андан кийин 660 орунга кыскарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG