Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

ИИМ: Бишкектеги митингде кармалгандардын баары бошотулду


Бишкектеги митинг. 17-январь, 2019-жыл.
Бишкектеги митинг. 17-январь, 2019-жыл.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда милиция кармап кеткен 21 кишинин баары бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын баарына 3000 сомдон айыппул салынып, кое берилди. Эми алар айыппулду бир ай ичинде төлөшү керек. Эгер аны белгиленген мөөнөттө төлөшпөсө, алардын иши сотто каралат.

Жаңыдан күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекске ылайык, кармалгандар милицияга жеткирилген мөөнөттөн тартып, үч саат гана кармалышы керек. Сеитов бул мыйзам бузулбаганын, кармалгандардын баары убагында бошотулганын айтты. Ал кармалгандарга "коомдук тартипти бузган" деген негизде айыппул салынганын кошумчалады.

17-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен митинг өткөрүшкөн. Күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар болсо эки миңден ашык киши келгенин айтууда.

Акцияга чыккандарды таратуу учурунда милиция кызматкерлери 21 жаранды кармап кетишкен. Алар Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Милиция негизинен митинг уюштуруудагы эрежелерди бузуп, жол кыймылына жолтоо болгондор, кастыкты козуткан чакырык таштагандар кармалганын маалымдады.

Эртең мененки саат 10до башталган митингге чыккандар кечки саат бешке жакын тарады.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы кысым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG