Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

"Фeйсбук" жалганды жазган баракчаларды жапты


"Фейсбук" жапкан орус тилиндеги баракча.
"Фейсбук" жапкан орус тилиндеги баракча.

"Фейсбук" компаниясы мурдагы советтик мейкиндикти бутага алган жалган маалымат таратуу операциясынын алкагында "Фeйсбук" жана "Инстаграммдагы" жүздөгөн баракча, топ жана аккаунттарды жапты.

“Фейсбук” компаниясынын киберкоопсуздук саясаты боюнча жетекчиси Натаниэл Глайхердин айтымында, жалган маалымат таратуунун эки операциясы Орусиядан уюштурулганы аныкталган жана бири Украинага каршы багытталган. "Экөөнүн байланышы табылган жок", - деди Глайхер.

Бирок башкалардын башын адаштыруу үчүн түйүндөрдү уюштуруунун бирдей тактикасын колдонушкан. Мисалы, 364 баракча жана аккаунттан турган бир түйүндүн “Спутник” телеканалынын кызматкерлери менен байланышы бар болуп чыккан.

“Спутник” телеканалы өз алдынча тараткан билдирүүдө “Фейсбуктун” чечимин “саясий максатты гана көздөйт” деп, коңшу өлкөлөрдө иштеп жаткан жети баракчасынын жабылышын “цензураны” күчөттү деп сындады.

“Фейсбуктун” соңку кадамынан кийин “Спутниктин” орусча жаңылыктары армян тилиндеги баракчага чыгып турарын билдирди. "Армян тилиндеги баракча блоктолсо, бизди Telegram, VKontakte, Twitterде окуп тургула", - деп телеканал эскертти.

“Фейсбук” компаниясынын киберкоопсуздук саясаты боюнча жетекчиси Натаниэл Глайхер
“Фейсбук” компаниясынын киберкоопсуздук саясаты боюнча жетекчиси Натаниэл Глайхер

​Глайхердин айтканына караганда, баракчаларды башкаргандар жана аккаунттардын ээлери өздөрүн көз карандысыз маалымат тараткан булактар деп көрсөтүшкөн.

Алар аба ырайы, саякат, спорт сыяктуу күндөлүк турмушка тиешелүү маалыматты таркатышкан. Ошол эле маалда Балтика өлкөлөрүндө НАТОго каршы маанайды жаратып, нааразылык кыймылдарын күчөтүүгө басым жасашкан.

Мисалы кайсы бир посттордо Балтика өлкөлөрүн «бөлүп-жарып» жатканы үчүн НАТОну айыпташса, дагы башка баракчаларда Орусия Литвада «электр энергиясын өчүрө турганын» эскертишет.

Армения, Азербайжан, Грузия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусиядагы аудиторияны бутага алып, бул аймактарда «Спутниктин» аудиториясын кеңейтишкен.

АКШнын социалдык түйүндөр компаниясы Украинада “координацияланган түрдө бурмаланган маалымат” таратканы үчүн "Фейсбуктагы" 107 баракчаны, топту, аккаунтту, "Инстаграмдан" 31 аккаунтту жапты.

Алар өздөрүн украиндер катары көрсөтүп, бирок кылдаттык менен Украинага байланыштуу ар кыл тема боюнча негативдүү маалыматты жайылтышкан.

“Биз Орусияда катталган “Интернетти иликтөө агенттигинин” ишмердигине окшош аракеттерди дагы аныктадык”, – деп жазды Глайхер.

Батыш медиасы баш кеңсеси Санкт-Петербургда жайгашкан "Интернет изилдөөлөр агенттигин" "троллдор фабрикасы" деп атайт. Аны "орус президентинин жакын чөйрөсүнө кирген ишкер Евгений Пригожин көзөмөлдөйт" деп айтылат.

Орусиялык ишкер Евгений Пригожин.
Орусиялык ишкер Евгений Пригожин.

Орусиянын АКШдагы 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер былтыр "троллдор фабрикасы" баштаган үч фирмага жана 12 орус жаранына айып таккан.

Жогорудагы агенттиги "Фейсбук", "Гугл" жана "Твиттерде" жалган аккаунттарды түзүп, бурмаланган маалыматты жаадырган деп айыпталган.

“Фейсбук” АКШдагы былтыр күздө Конгресске болгон шайлоону утурлай 100дөн ашуун аккаунтту жапкан. Компаниянын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, ал шектүү баракчалардын баары француз жана орус тилдеринде болгон.

Компания соңку эки жылда өз платформаларында бурмаланган маалымат таратууну, пропаганданын машинесин жана экстремисттик мазмунду жайылтууну ооздуктай алган жок деп сынга кабылып жүрөт.

“Фейсбук” компаниясынын өкүлү Натаниэл Глайхер “айрыкча саясий окуялар күчөгөн маалда коопсуздукту камсыздоодо жана мындай кара өзгөйлүктүн алдын алуу үчүн аракеттерибиз уланат. Биз бурмаланган маалыматты жайылтууну токтотуу үчүн дүйнө боюнча өнөктөштүгүбүзду чыңдайбыз”, - деп жазды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG