Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:21

Азия кубогу: БАЭ Катарга 0:4 менен утулду


БАЭ курама командасы.
БАЭ курама командасы.

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунда үй ээлери жарым финалда Катарга 0:4 эсеби менен утулуп, финалга чыкпай калды.

Катардын алгачкы голу 22-мүнөттө кирсе, акыркы - төртүнчү голу 93-мүнөттө жазылды.

Натыйжада Катар финалда Жапония менен кубок үчүн ойнойт. 28-январда жапондор Иранды 3:0 эсеби менен утуп алган.

Азия кубогунун финалы 1-февралда, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Быйылкы Азия кубогуна тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын курама командасы катышып, 1/8 финалында БАЭге 3:2 эсебинде утулуп калган. (SDz)

XS
SM
MD
LG