Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгы "Азаттыкка" маалымдагандай, кырсык 28-январь күнү болгон.
Кечки саат сегиз жарым чамасында Баткен-Ош жолунун 207-чакырымында Өзбекстандын 51 жаштагы жараны И.М «Деу-Нексия» автоунаасы менен Ош шаарын көздөй бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан «Мерседес-Бенц-313» үлгүсүндөгү автоунаа менен кагылышкан.
Натыйжада "Деу-Нексия" автоунаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү окуя болгон жерден мүрт кеткен. Дагы эки жүргүнчүсү Баткен облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Баштапкы божомолдор боюнча катуу ылдамдыкта келе жаткан «Деу-Нексия» автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жол кырсыгына байланыштуу ишти Баткен РИИБинин тергөө кызматы иликтеп жатат. (MdN)