Венесуэланын президенти Николас Мадуро аны орусиялыктар кайтарып жатканы тууралуу суроого жооп берген жок. Буга чейин "Reuters" агенттиги социалист президентти орустардын менчик аскердик компаниясынын жалданма адамдары кайтарып жүрүшү мүмкүн экенин кабарлаган.
Мадуро "РИА Новости" агенттиги менен болгон маегинде орусиялыктар аны кол салуу коркунучунан улам кайтарып жүрүшкөнү тууралуу суроо берилгенде "комментарий бербейм" деп төрт жолу кайталады.
Буга чейин "Reuters" агенттиги орустардын "ЧВК Вагнер" деп аталган жеке аскердик компаниясынын 400 жоочусу Каракаска жиберилгенин маалымдаган. Кремль аны четке какты.
29-январда Бириккен Улуттар Уюму тирешүү күчөгөн акыркы күндөрү 40 адам өлтүрүлгөнүн билдирди. Анын 26сы өкмөттүк күчтөр тарабынан, бешөө рейд учурунда, 11и талоончулук учурунда ажал тапканы такталган.