Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 19:38

Абактагы 4 миңден ашык адамга мунапыс берилиши мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай маалымат 30-январдагы Жогорку Кеңештин сессиясында мунапыс тууралуу мыйзам долбоору талкууланган учурда айтылды.

Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Исхак Масалиев беш жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жете электерди, 60 жаштан улуу эркектерди, 55 жаштан өткөн аялдарды, I жана II топтогу майыптарды, эки же андан ашык балдары барларды же майып балалууларды, үй-бүлөдө жалгыз камсыздоочу болгондорду, анча чоң эмес жана оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасагандарды жазадан бошотууну сунуш кылууда.

Маалыматка караганда, долбоор колдоо тапса мунапыс бериле тургандардын 285и түрмөдөн бошоп, калгандарынын жаза мөөнөттөрү кыскартылат. Документ добуш берүүгө жиберилди.

Ал “Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгына жана 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына карата ” иштелип чыккан. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG