Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-мартта өтчү президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга белсенгендердин арызын кабыл алып бүттү. 83 киши шайлоого катышууга арыз берди.
4-февралда БШК билдиргендей, 28 кишинин талапкерлиги катталды, 22 киши каттоодон өтпөй калды. Ушул тапта 33 кишинин документтери каралып жатат. БШК 9-февралга кечикпей талапкерлердин расмий тизмесин жарыялашы керек.
Талапкерлердин арасында учурдагы президент Петро Порошенко, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко, куудул Владимир Зеленский бар.
53 жаштагы Порошенко экинчи мөөнөткө ат салышарын 29-январда жарыялап, өлкөсүн Евробиримдикке жана НАТОго толук интеграциялоого убада берди.
Украинадагы ири ишкерлердин бири бийликке 2014-жылкы мурдагы президент Виктор Януковичти бийликтен оодарган “Майдан” окуяларынан кийин келген.
58 жаштагы Тимошенко президенттикке аттанарын 22-январда жарыялады. Саясатчы 2004-жылкы “Саргылт” ыңкылаптын лидерлеринин бири, 2014-жылы шайлоодо Порошенкодон утулуп калган.
Катталган талапкерлердин арасында мурдагы вице-премьер-министр Юрий Бойко да бар.
Пикирлерди көрүңүз (2)
дагы пикирлерди жүктөө