Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Порошенко да президенттикке аттанды


Петро Порошенко 29-январдагы Киевдеги форумда.
Петро Порошенко 29-январдагы Киевдеги форумда.

Украинанын президенти Петро Порошенко марттагы шайлоодо дагы бир мөөнөт үчүн ат салышарын расмий жарыялады.

- Өлкөнүн, азыркы, өтүп кеткен жана болочок муундар алдындагы терең жоопкерчилик дагы бир жолу Украинанын президенттигине талапкерлигимди коюу чечимин кабыл алууга түрттү, - деди шейшембиде Киевдеги форумда чыгып сүйлөгөн маалында Порошенко.

Президент ага ишеним көргөзүлсө, 2024-жылы Европа биримдигине кошулуу арызын тапшыраарын убада кылды. Анын айтымында, дагы бир мөөнөт үчүн күрөшкө аттануу менен Украинанын Еврошаркет жана НАТОго мүчө болуу багытынан тайбастыгын камсыздоону көздөйт.

- Өлкөнүн европалык жана евроатлантикалык интеграциясына карай багытын улантуу, эгемендиктин кайра бурулгус жолго түшүүсүн бекемдөө, аймактык бүтүндүгүбүздү калыбына келтирүү жана Украинага эң ыңгайлуу шартта тынчтык алып келүү үчүн шайлоочулардан дагы бир жолу ишеним көргөзүүнү өтүнөм.

Мамлекет башчы Орусия менен келишүү үчүн Москва Украинанын аймактык бүтүндүгүн, өз жолу менен кетүү укугун урматтоого тийиш деп эсептейт.

Порошенко өз сөзүндө кээ бир атаандаштарын, анын ичинде экс-премьер-министр Юлия Тимошенкону популисттик билдирүүлөрү үчүн сындады, атүгүл ушул тапта саясий кризиске баткан Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен салыштыра кетти.


Порошенко кайсы бир саясий партия же кыймылдын өкүлү эмес, өзүн өзү көргөзгөн талапкер катары катышмакчы.

53 жаштагы магнат жана кондитердик бизнестин ээси болгон Порошенко Украинанын эң бай адамдарынын бири. "Форбс" журналынын маалыматына ылайык, ал өлкөдөгү байлардын тизмесинде алтынчы сапты ээлейт.

Порошенко 2014-жылы, москвачыл президент Виктор Януковичти кулаткан Евромайдан деген атка конгон антиөкмөттүк нааразылык акцияларынан кийин бийликке келген.

Саясатчы Батыш менен интеграцияны жактайт жана Крым жарым аралын басып алып, Чыгыш Украинадагы жикчилерди колдоп келе жаткан Орусиянын келишкис сынчысы.

Мамлекет башчыны экономикалык өнүгүүгө жана коопсуздукка кедергесин тийгизип келе жаткан, кеңири тараган коррупцияны жое албагандыгы көп сынга кабылууда. Ал эми Украинанын көз карандысыз православ чиркөөсүн түптөөгө кошкон салымы Порошенкого упай алып келчү кадам катары каралып келет.

Арийне элдин пикирин сурап билүүлөргө караганда, азыркы президентти ат салыштын мыктысы деп атоого болбойт. Сурамжылоолордо алдыда 2014-жылкы шайлоодо Порошенкого утулуп калган Тимошенко баратат, экинчи орунда куудул, артист Владимир Зеленский жайгашкан. Азыркы президентке респонденттердин 10 проценти добуш беришерин айтышкан.

31-мартка белгиленген шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча 22 талапкерди каттады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG