Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Тимошенко президенттикке аттанат


Юлия Тимошенко
Юлия Тимошенко

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко президенттикке ат салышарын жарыялады. Шейшембиде ал жетектеген "Батькивщина" партиясынын Киевдеги курултайында делегаттардын бардыгы талапкерлигин бир добуштан колдошту.

"Батькивщина" партиясынын жыйынына Тимошенкону колдоп Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчук барды. Курултайда ошондой эле Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили жана бразилиялык белгилүү жазуучу Пауло Коэльонун видео кайрылуусун көрсөтүштү.

- Бийликке Украинаны эмес, акчаны жакшы көргөн адамдарды алып келүү менен дагы беш жылды жоготууга укугубуз жок. Украинанын дагы беш жылын колдон чыгарбаш үчүн президенттикке аттанып жатам. Сиздер менен чогуу Украинага мурдагы даңазасын, кубатын, беделин кайтарабыз! Мен жеңиш үчүн ат салышам!

Делегаттарга кайрылган Тимошенко мурда кетирген каталары үчүн кечирим сурады жана Кремль менен эч кандай байланышы жок экенин белгиледи. Экс-премьер Донбасстын жикчилердин көзөмөлүндөгү аймактарын Украинага кайтарууга убада берди:

- Биргелешип Крымды жана Донбассты сөзсүз кайтарабыз. Элдин Донбасстагы жана Крымдагы үйүнө кайтып баруусуна шарт түзөбүз. Тилекке каршы бүгүн обочодо калган адамдар Украина аларга кам көрүп жатканын сезиши керек. Бул үчүн бар аракетибизди жумшайбыз.

Тимошенко чоң саясатка 1997-жылы, алгачкы жолу Жогорку Раданын депутаты болуп шайланганда аралаша баштаган. 2001-жылы орусиялык газдын аткезчилигине катышы бар деп камакка алынып 42 күндөн кийин кое берилген.

2004-жылы ошол маалда президенттикке талапкер болгон Виктор Ющенко менен «Саргылт революциясынын» башында турган.

Ющенконун жеңишинен кийин өкмөт башчылыкка дайындалган Тимошенко президент менен тил табыша албай тогуз айдан кийин кызматтан алынган.

2007-2010-жылдардын аралыгында кайрадан премьер болгон. 2011-жылы президент Виктор Януковичтин тушунда паракорлуккка айыпталып жети жылга абакка кесилген жана 2014-жылы өкмөткө каршы нааразылыктардан кийин бошотулган. Буга чейин үч жолу президенттик кызматка талапкер болгон.

Украинада Крымды Орусия аннексиялап алгандан берки экинчи президенттик шайлоо өткөнү турат.

Азыркы президент Петро Порошенко экинчи мөөнөт үчүн күрөшө турганын буга чейин билдирген.

Сурамжылоого караганда, 58 жаштагы Тимошенко 31-мартка белгиленген ат салыштын лидери болуп саналууда. Социологиялык кызматтардын изилдөөлөрү көргөзгөндөй, экс-премьердин экинчи айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгү абдан жогору.

«Социс» уюму 8-18-декабрь күндөрү элдин пикирин сурап билип, Тимошенкого респонденттердин 14,4 проценти, Порошенкого 10,8 проценти добуш берүүгө даяр деген жыйынтыкка келген. Ошол эле маалда Тимошенконун экинчи айлампадагы мүмкүнчүлүктөрү анча жогору эмес.

Шейшембиде ошондой эле президенттикке талапкерлигин коерун «Эркиндик» улутчул партиясынын өкүлү Руслан Кошулинский билдирди. Анын алдында актер, куудул Владимир Зеленскийдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Сурамжылоо боюнча ал азыр экинчи орунду ээлеп келе жатат.

Азырынча Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттоодон өткөрдү. Талапкерлер документтерин 3-февралга чейин тапшыра алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG