Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров эркиндикке чыгарылат


Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов.

"Бийликти басып алууга аракеттенген" деп соттолгон Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаралат. Мындай чечим тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы 12-февралда кабарлады. Ишти кароону алардын адвокаттары суранышкан эле.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова соттун чечими келип түшкөн соң беш-алты саат аралыгында алар бошотуларын айтты.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камалган. Иш райондук, шаардык соттордо каралып, алар 12-20 жылга чейин камалган. Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөтү кыскартылган. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Карыбековдун эркиндикке чыгар-чыкпасы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Аларга байланышы бар деп кармалган, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Буга чейин Асанов жана Кадыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылып бир нече апта бою ачкачылык кармашкан. (SE\KJ\ZkO)

XS
SM
MD
LG