Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Көрүстөндөрдү дин боюнча секторлорго бөлүү сунушталып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда көрүстөндөрдү маркумдун диний ишенимине жараша көмүү жөрөлгөсүн жөнгө салуу максатында атайын нускаманын долбоору иштелип чыкты.

Бул тууралуу 12-февралда Бишкекте “Жаштар экстремизмге каршы” форумунда сүйлөп жатып Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын теология бөлүмүнүн башчысы Эрлан Бакиев билдирди.

Бакиевдин айтымында, эгер нускама кабыл алынса, сөөктү жерге берүүдө диний көз караштан улам чыккан чыр-чатактардын алдын алууга шарт түзүлөт.

- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын демилгеси менен сөөктү жерге берүү тууралуу инструкциянын долбоору иштелип чыкты. Аны даярдоо менен алектенген иш тобунун курамында биз да болдук. Эгер бул инструкция өкмөттө жана парламентте жактырылса бардык муниципалдык органдарга таратылып берилет. Көрүстөндөр мусулмандар үчүн, христиандар үчүн жана башка дин өкүлдөрү үчүн деп секцияларга бөлүнөт, - деди ал.

Кыргызстанда 3319 диний уюм бар, алардын 2910у ислам, 395и христиан, калгандары башка багыттагылар.

Буга чейин христиан динин тутунган адам каза болгондо аны өзү жашаган айылдын көрүстөнүнө коюуга айрым жергиликтүү тургундар каршы чыккан учурлар катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG