Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

ТВЕАнын тилин тапкан Шадиев


Коллаж.
Коллаж.

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш ишинин жаңы жагдайлары белгилүү болду.

Жогорку Кеңеште 14-февралда Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон кылмыш иштерин талкуулоо маалында Аскарбек Шадиевдин ысымы бир нече жолу аталды.

Буга чейин үстүнөн үч кылмыш иши козголгон мурдагы биринчи вице-премьер-министрдин бул ирет ЖЭБди жаңылаган кытайлык ТВЕА компаниясы менен байланышта болгону расмий айтылды.

ЖЭБ боюнча кылмыш ишин тергеген Коррупцияга каршы күрөш кызматынын тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу депутат Каныбек Иманалиевдин суроосуна жооп берип жатып ТВЕА менен баштапкы сүйлөшүүлөрдү Шадиев жүргүзгөнүн билдирди.

Каныбек Иманалиев: ТВЕА компаниясын Кыргызстанга ким алып келген? Анын Кыргызстандагы өкүлү, ээси, досу ким болгон?

Сагынбек Самидин уулу: ТВЕА компаниясы биздин мамлекетке 2010-жылга чейин эле келген. Бирок кайсы бир конкреттүү долбоорго киришкен эмес. Кийин 2011-жылы ошол кездеги энергетика министри Шадиев менен конкреттүү долбоорду сүйлөшүп, ал киши жүргүзгөн. Бул боюнча материалдар бизден бөлүнүп чыгарылды, учурда изилдеп жатабыз.

Мындан тышкары, УКМК өкүлдөрү Аскарбек Шадиевдин кол алдындагы кызматкерлердин бири ТВЕА компаниясынын бухгалтери болуп иштегени аныкталганын ырасташты.

Ушундан улам депутаттар арасында Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу иштерге байланыштуу Шадиевдин жоопкерчилигин кароону сунуш кылгандар чыкты.

Маселен, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул жагдай ЖЭБдин айланасындагы мыйзамсыз иштер алдын ала даярдалганынын белгиси деген оюн билдирди:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

- Бул түздөн-түз баары пландалып, уюштурулуп жасалганын көрсөтүүдө. Ал бүгүн бирөөнү жалдап, кандайдыр бир жолдорду издеп, маалымат каражаттары аркылуу каралабай, кылганы үчүн жооп бериши керек.

Эгер ушунун баары белгилүү болсо былтыр жазында өлкөдөн чыгып кеткен Аскарбек Шадиевге эмне үчүн убагында чара көрүлбөгөнү суроо жаратты.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Коррупцияга каршы кызматтын башчысы Сагынбек Исмаилов жооп кайтарып, мурдагы башкы прокурор өз убагында чара көрбөгөнүн маалымдады:

Сагынбек Исмаилов.
Сагынбек Исмаилов.

- Биз материалдарды жиберген учурда эле ошол кездеги башкы прокурор кылмыш ишин козгоп берсе, Шадиев эч жакка качмак эмес. Жыйырма күндөн ашык убакыттан пайдаланып Шадиев качып, мүлкүн башка адамдарга каттатып кетти. Ошол ишти азыр алып барып жатабыз. Анча-мынча объектилерди кайтарып атабыз. Бизде дагы бир иш бар, ошол ишке байлап туруп мүлкүн мамлекетке өткөрөбүз, - деген атайын кызматтын өкүлү ал кайсы иш экенин ачык айткан жок.

УКМКнын төрагасы айтып жаткан учурда Башкы прокуратураны Индира Жолдубаева жетектеп турган эле. Эми Жолдубаевага карата кандайдыр чара көрүлөбү, белгисиз.

Ошондой эле Исмаилов эми Шадиевди өлкөгө экстрадициялоо боюнча Интерполго кайрылып, учурда бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Бирок башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мурдагы вице-премьерди АКШдан алып келүүгө анча ишенбегендей.

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

- Өкмөт аркылуу да АКШнын атайын кызматтарына маалымат жиберилген. Бирок бул өлкө менен соттолгондор боюнча укуктук жардам берүү жаатында эч кандай келишим жок. Буга карабай иш жүргүзүп жатабыз, - деди ал.

Аскарбек Шадиевдин адвокаты Учкунбек Каримов болсо учурда мурдагы вице-премьерге карата жана башка жагдайлар боюнча эч кандай маалыматы жок экенин айтты.

Негизи Аскарбек Шадиевдин Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана кытайлык ТВЕА компаниясы менен байланышы тууралуу былтыркы жаңжалдан соң маалымат каражаттарында айтылып келген эле. Ошол учурда эле кытайлык компаниянын башкы бухгалтери Шадиевдин жакын адамы экени кабарланган. Бирок ал учурда укук коргоо органдары бул тууралуу маалымат берген эмес, депутаттар да маселе көтөргөн эмес.

Ал эми Аскарбек Шадиев ошол учурда биринчи вице-премьер катары ЖЭБдеги кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы да болгон.

Мындай кырдаалга күбө болгон жарандык активист Адил Турдукулов мурдагы вице-премьерге карата убагында чара көрүлбөй, эми ал өлкөдөн чыгып кеткен соң жоопкерчилик маселесин көтөрүлүшүн «кош стандарттуулук» деп эсептейт.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Шадиевди экстрадиция кылууга мүмкүнчүлүк жок, - деди ал. - Ошондуктан укук коргоо органдарына качып кеткен адамга бир топ күнөөлөрдү илип коюу оңой болуп жатат. Себеби, аны өткөрүп алуу мүмкүн эмес экени түшүнүктүү эле болуп турат. Бул окуя кайрадан эле биздин жарандардын бийликке болгон ишенимине көлөкө түшүрүп жатат.

50 жаштагы Аскарбек Шадиев Кыргызстанда акыркы жылдары бир нече жооптуу кызматты аркалаган. Саясатка 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып аралашкан Шадиев андан бери Баткен облусунун губернатору, энергетика министри, биринчи вице-премьер-министр болуп иштеди.

Ал былтыр апрель айында Баткен аркылуу алгач Тажикстанга, андан ары АКШга учуп кеткени белгилүү болгон.

Шадиев өлкөдөн чыгып кеткен күндүн эртеси ага кылмыш иши козголгон. Анда Шадиевге КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголушуна байланыштуу айып коюлган. Кийинчерээк экс-депутатка «Чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси менен дагы эки иш козголгон.

Өлкөдөн чыгып кеткен соң саясатчыга таандык мүлк камакка алынганы кабарланган. Жергиликтүү маалымат каражаттары Аскарбек Шадиевге жана анын жакындарына таандык деген, соттун чечими менен мамлекетке чегерилүүчү, баасы 1,8 миллиард сомго чамалаган мүлктүн тизмеси жарыяланган эле.

Ал эми былтыр жыл аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди Айтматов сыйлыгы боюнча ишке байланыштуу 10 жылга сыртынан эркинен ажыратты.

Буга чейин Шадиевдин атынан бир жолу билдирүү таратылып, анда ага карата козголгон кылмыш иши негизсиз экени, саясатташканы айтылган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG