Линктер

бейшемби, 21-февраль, 2019 Бишкек убактысы 20:19

ЖЭБ чыры: Жээнбековдун жоопкерчилиги


Бишкек ЖЭБи.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековду жана ошол кездеги тармактык комитеттин төрагаларын Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча жоопкерчиликке тартууну сунуш кылды.

Жактоочу буга байланыштуу арызды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) тапшырганын айтып жатат. Тергөө бүтүп, иш сотко өткөнү турганда бул арызга көңүл бурулабы?

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу абакта отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну сунуш кылды.

Жактоочунун жүйөсүнө караганда, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууну ратификациялоодо парламенттин чоң жоопкерчилиги бар.

Ошондой эле адвокат тийиштүү комитеттердин төрагалары менен жооптуу кишилеринин да айыбы бар экенин кошумчалап, депутаттар Каныбек Иманалиевдин, Курманбек Дыйканбаевдин жана Кожобек Рыспаевдин атын атады.

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

Нурбек Токтакунов алардын жоопкерчилигин Кылмыш-жаза кодексиндеги "Шалаакылык" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде караш керек экенин айтты.

Буга байланыштуу арыз ушул ишти тергеп жаткан УКМКга 4-февралда тапшырылган.

- ТВЕА менен келишимдик макулдашуу жана Финансы министрлиги менен Эксимбанктын (Кытайдын банкы - авт.) келишими эч кандай күчү жок, - деди жактоочу. - Ал келишимге күч берген ратификация. Ратификацияны Жогорку Кеңеш кылды. Жогорку Кеңеш саясий жактан жоопкерчиликтүү. Тергөө аяктап калды. "Тергөө материалдарын эмне менен толукташ керек, кандай өтүнүчтөр бар?" дегенде жактоочулук укугумду колдонуп кайра өтүнүп жатам. Бул иш боюнча жоопко тартылбаган кишилер бар. Кожобек Рыспаев жетектеген комитет кемчиликти жазган, андай болсо колдобош керек эле. Бир колу менен жазып, экинчи колу менен колдоп жатат. Бул - кылмыш. Каныбек Иманалиев "үч окууда бир карайлы" деп сунуш кылып жатат. Муну менен регламент бузулган. Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Курманбек Дыйканбаев кол койгон. Ошолор караш керек болчу.

​Токтакунов бул маселе убагында коомдун талкуусуна чыгарылбаганын, экспертизадан өтпөгөнүн, финансылык, экономикалык негиздемелери жок экенин белгилеп жатат.

Жактоочу ушундай эле арызды былтыр август айында Башкы прокуратурага жолдогон.

Башкы көзөмөл орган арызды УКМКга жибергенин, бул орган жактоочунун арызы каралып, ишке тиркелгенин билдирген. Эми жактоочу саясатчылардын атын атап, кайрадан арыз тапшырып жатат.

Комитеттин басма сөз кызматы Рахат Сулаймановдун айтымында, мындай кайрылуу азырынча атайын кызматка келип түшө элек.

Токтакунов белгилеген саясатчылардын аты-жөнү Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал парламентте талкууланган учурда да айтылган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев окуя үчүн парламент моралдык гана жоопкерчилик тартарын билдиргени бар. Депутат азыр да ошол пикирин кайталап, "күнөөнү башканын мойнуна илгиси келип жатат" деп Исаковду күнөөлөдү:

- Анда Жогорку Кеңештин 120 депутатын, кол койгон президентти жоопко тартыш керек. Бул андай эмес, коллегиалдуу орган да. Биз ратификация кылып беребиз, чечимдерде: “Эмне үчүн ТЭН жок, эмне үчүн колу жок?” деген эскертүүлөр турат. Биз "эл аралык келишимге киреби же кирбейби тастыктап бергиле" деп Юстиция министрлигине жазып жатабыз. Каршы чыкканбыз, комитет. "1957-жылы салынган ЖЭБ эртең бузулуп калса, эл тоңуп көчөгө чыкса башыңар менен жооп бересиңер, акчаны бербей коёт" деген ой менен анан ратификацияга макул болгонбуз. Аткаруу бийлиги - акчага кийлигишкендер ошолор, жеген-ичкендер ошолор, анан депутаттар эмне кылып жооп бермек эле?

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев ошол учурда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетин жетектеп турган. Маселе талкууланган учурда “Фейсбуктун” Инсайдер - KG аттуу колдонуучусу Каныбек Иманалиевди "макулдашууну колдоого кесиптештерин үндөгөн, дароо үч окууда колдоп берүүгө чакырган, Кытай тарап насыя берүүнүн жакшы шарттарын сунуш кылып жатканын айткан", деп жазган. Эл өкүлү бул боюнча убагында жооп бергенин айтып, азыр комментарий берүүдөн баш тартты. Жогорку Кеңеште талкууланган учурда Иманалиев да Сапар Исаковду күнөөлөгөн.

- Мен эмне үчүн колдогом? - деген эле ал. - Ратификация - бул базалык келишим. Биз бюджетти кабыл алабыз, бирок бюджеттин кээ бир беренелеринен капиталдык салымдан, мектептерден кимдир бирөө акча жесе ага Жогорку Кеңеш жооп бербейт... Мен күмөн оюмду гана айтам, биринчиден, ушул жерде отурган депутаттардан, министрлерден сегиз жыл бою ТВЕА менен кездешкен бир гана адам отурат. Ал - Сапар Исаков.

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

"Легендарлуу парламенттин" депутаты, юрист Мукар Чолпонбаев акыркы убактагы көрүнүштөр, кылчактап бийликти карап кабыл алынган чийки чечимдер иш билги жана мекенчил кадрлардын мамлекет башына келбегенинин натыйжасы деп эсептейт.

- Парламент кылмыш жоопкерчилигине эч качан тартылбайт, - деди ал. - Ошондогу кээ бир депутаттар кээ бир кылган иши үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Бирок аны так аныкташ керек. Экинчиден, саясий жоопкерчиликке тартыш үчүн келишимди ратификациялаган V чакырылыштагы парламент болчу. Ал тарап кеткен. Демек саясий жоопкерчиликке тартыла албайт. Коллегиалдуу чечим чыгарган жерде андан башка жоопкерчилик каралган эмес. Башынан жоопкерчиликтүү мамиле кылыш үчүн депутаттыкка мамлекетчил адамды шайлаш керек. Биз базардан алып келип жатпайбызбы, каяктагы мамлекетчилик? Күнөөнүн баары ошондо болуп жатат. Жыйынтыгы мындай болуп чыгып жатат. Эч болбогондо моралдык жоопкерчиликти алыш керек эле, ал да жок, саясий жоопкерчилик да жок.

Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал өкмөттүн шалаакылыгы менен катар Жогорку Кеңештеги лоббизм маселесин ачыкка чыгарган. Бирок ошол кезде келишимди катуу колдогондор депутаттардын көбү ошол кездеги бийликтин суранычын аткарганын айтып жатышат.

Экс-спикер Асылбек Жээнбеков менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал талкуу учурунда мамлекет үчүн парламент жакшы ниетте болгонун айткан.

- Биз бул жерде силердин суранычыңарды аткарып жатабыз, - деген болчу мурдагы спикер. - Келишимде бир да депутат, Жогорку Кеңеш биригип туруп үтүрүн, тамгасын да алмаштыра албайт. Аны жакшы билесиңер. Ошону билип туруп, "ооба, биз кылдык эле, ким күнөөлүү болсо жазасын тартсын" дегендин ордуна силер баш болуп күнөөлүүлөрдү башка жактан издегиңер келип жатат.

Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана башка он чакты аткаминер ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү мыйзам бузууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында былтыр кармалган. Алар өздөрүнө шалаакылык, жемкорлук боюнча коюлган айыптарды моюнга албай келет.

386 миллион долларга модернизацияланган ЖЭБ 2018-жылдын 26-январында бузулуп, эл бир жумадай жылуулуксуз калган. Бул авариядан кийин текшерүү жүрүп, каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча кылмыш иштери козголгон. Жалпысынан 15тей киши камакка алынган.

УКМК буга чейин модернизациялоого байланыштуу ачылган кылмыш иши тергелип бүткөнүн билдирген. Адвокат Токтакунов Исаков иштин материалдары менен таанышып бүткөнүн, жакын арада сотко өтүшү ыктымал экенин билдирүүдө. Ал эми аварияга байланыштуу күнөөлүү деп табылгандарга Биринчи май райондук сот өткөн айда өкүм чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG