Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Кыргыз-өзбек чек арасында уурулук боюнча шектүүлөр кармалды


Кыргыз-өзбек чек арасы. Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Маданият" чек ара бекетинен өтүп бара жаткан жеринен беш киши кармалган. Алар Жалал-Абад шаарындагы борбордук дүкөндөн алтын уурдаган деп шек саналып, издөөгө алынганы аныкталган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, уурулукка шектелип кармалгандар Өзбекстандын жарандары, аялдар.

Милиция менен чек ара кызматкерлеринин биргелешкен аракетинин натыйжасында шектүүлөр чек арадан Өзбекстанга өтүүгө аракет кылып жатышкан кезде колго түшкөн. Алардын жанынан дүкөндөн уурдалганы кеп болгон зер буюмдар табылган.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы "Азаттыкка" маалымдады.

Чек ара кызматкерлери шектүүлөрдү Жалал-Абад облустук милициясына өткөрүп беришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG