Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

«Мунабия» тасмасы «Ника» сыйлыгына көрсөтүлдү


«Мунабия» фильминдеги кадр.
«Мунабия» фильминдеги кадр.

Орусиялык «Ника» кинематографиялык искусство Академиясынын номинанттарынын тизмесин жарыялады.

Мекеменин сайтында жазылган кабарга ылайык, кыргызстандык режиссер Таалайбек Кулмендиевдин «Мунабия» тасмасы да «Ника» киносыйлыгына көрсөтүлдү.

Чыгарма «КМШнын жана Балтиянын мыкты тасмасы» номинациясына коюлду. Бул номинацияда белорустук, өзбекстандык, казакстандык жана молдовалык фильмдер менен жарышат. Быйылкы, 32-жолу берилип жаткан «Ника» сыйлыгын тапшыруу 30-мартта Москва шаарында өтөт.

«Мунабия» фильми былтыр Орусиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок-2018» фестивалында баш байгени жана «Эң мыкты сценарий»​сыйлыгын алган. Тасма жазуучу Казат Акматовдун “Мунабия” аңгемесинин негизинде тартылган.

Орусиянын улуттук «Ника» киносыйлыгына 2018-жылы Кыргызстандан Актан Арым Кубаттын «Кентавр» тасмасы номинант болуп, грузиялык режиссер Элдар Шенгелаянын «Олтургуч» тасмасына уттуруп койгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG