Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши добуш берүү аркылуу Каарманбек Кулуевди телеканалдын директорлугуна талапкерлердин тизмесинен чыгарды. Кеңештин мүчөлөрү талапкердин аңгемелешүүгө скайп аркылуу катышууга укугу жок деп тапты.
«Азаттыктын» Прага кеңсесинин кызматкери Каарманбек Кулуев КТРКнын жетекчилигине жарыяланган сынакка документтердин кабыл алуунун акыркы күнү, 18-февралда арыз берген. Бул кадамга ал коомдук телеканалдын деңгээлин журналистиканын бардык стандарттары боюнча көтөрүү максаты менен бара жатканын айткан. Кулуев аңгемелешүүгө онлайн, скайп аркылуу катышуу ниетин билдирген.
Байкоочу кеңештин бүгүнкү отуруму кеңештин төрага Жыпар Жекшеев менен кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаевдин талашы менен башталды. Андан кийин КТРКнын директору Илим Карыпбеков журналисттерди чыгарып турууну өтүнгөн. Кабарчылар катышпаган учурда жыйын катуу ызы-чуу менен өтүп жатканы угулуп турду, анда эмне маселе каралганы айтыла элек.
Бүгүнкү отурумда КТРКнын директорлугуна талапкерлердин документтерин караган жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы айтылат. Байкоочу кеңеш андан ары талапкерлер менен аңгемелешүүнүн убактысын бекитет.
КТРКнын Байкоочу кеңеши 18-февралда башкы директорлукка талапкерлерден келип түшкөн арыздарды карап, жалпысынан 22 адам документ тапшырганын айткан. Алардын үчөө (Элдар Аттокуров, Бөлөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимова) документтери толук болбогондуктан сынакка катышуу укугунан ажыратылган.
Он талапкер «диний уюмга жана саясий партияга мүчө эмесмин» деген кепилдик каты жок экени айтылып, үч күн аралыгында ошондой кат алып келүүгө милдеттендирилген. (TSh\ErN)