Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:19

SpaceX компаниясы Falcon 9 ракетасын ийгиликтүү учурду


Falcon 9 ракетасы абага көтөрүлүп жаткан кези. 2-март, 2019-жыл.
Falcon 9 ракетасы абага көтөрүлүп жаткан кези. 2-март, 2019-жыл.

2-мартта АКШнын Канаверал кысыгындагы космодромдон абага көтөрүлгөн ракета космоско Crew Dragon кемесин алып чыкты. 3-март күнү ал Эл аралык космос станциясына конууга тийиш. Ракетанын учурулушу тартылган тасма компаниянын Youtube-каналына коюлду.

Бул – космонавтика тарыхындагы кишини космоско жеткирүүчү алгачкы коммерциялык кеме.

NASAнын максаты боюнча, Boeing жеке кемеси өткөн кылымдын 60-жылдары жасалган “Союз” кемесин алмаштырат.

Crew Dragon кемесинин бортунда экипаж жок, бирок андагы төрт креслонун биринде орбитага Рипли аттуу скафандрчан манекен жиберилген.

Кеме эл аралык космос станциясына жекшемби күнү конот, бул толугу менен автоматтык түрдө ишке ашат. Станцияда бир жума болгон соң, кеме кайрадан 8-мартта Жерге кайтып келүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG