Украинанын борбору Киевде 8-март - аялдардын эл аралык майрамына арналган митингде феминизмге каршы чыккан үч активист кармалды.
"Азаттыктын" украин кызматы билдиргендей, "Аялдар жүрүшү" деп аталган акцияга 150гө чукул активист катышкан. Негизинен кыз-келиндерден турган катышуучулар аялдарга карата турмуштук, сексуалдык жана психологиялык зомбулукка каршы чакырыктарды таштады.
Алар украин өкмөтүнөн аялдарга карата зомбулукту токтотуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Стамбул конвенциясына кошулууну талап кылып, бир тобу "ашкана кулчулугуна" каршы экенин билдиришти.
Феминисттердин айрымдары «Менин денем- өз ишим» деген жазууларды, ЛГБТнын желектерин көтөрүп турушту. Ушул эле жерде феминисттерге каршы ондогон киши да акцияга чыгышты. Анда "Кудай! Ата Мекен! Патриархат!" жана «Феминизм украин үй-бүлөлөрүн бузат!» деген ураан чакырышты. Полиция акцияга чыккан эки топту бөлүү учурунда феминисттерге каршы чыккан кеминде үч киши кармалганы кабарланды.