Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Шинжаңдыктардын укуктарын коргогон активист үй камагына чыкты


Серикжан Билаш.
Серикжан Билаш.

Казакстанда шинжаңдык казак-кыргыздардын укуктарын коргоп келген активист Серикжан Билаш 11-мартта үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Билаш жетектеген «Ата Журттун ыктыярчылары» уюму билдирди.

Активист «улут аралык кастыкты козуткан» деген шек менен 10-марттын түнү Алматыдан кармалып, Астанага жеткирилип, полиция департаментинин тергөө абагына камакка алынган. Ал өзүнө коюлган айыпка макул болбой, доо арыз менен тиешелүү органдарга кайрыла турганын билдирген.

«Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси Серикжан Билаш быйыл февралда Алматыда соттун чечими менен 252 миң теңге же 670 доллар айыппулга жыгылган. Буга «каттоодон өтпөгөн бирикмени жетектеген жана ишмердүүлүк жүргүзгөн» деген жүйө негиз болгон.

2017-жылдын жазында түзүлгөн уюм Кытай бийлигинин Шинжаңдагы саясатына, улуттук азчылыктардын кысымга алынышына каршылык иретинде Алматыда бир нече жолу жыйындарды уюштурган. Ага Кытайдан келген кыргызстандык, казакстандык кайрылмандар да катышкан.

Шинжаңда миңдеген адамдар «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар мындай жайларды «түрмө, концлагерь» деп атаса, Кытайдын бийлиги «жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор» катары сыпаттап келет.

Серикжан Билаш урук-тууганы, жакындары Шинжаңда камакта отурганын айткан жарандардын видеолорун Интернетке тынымсыз жарыялап жүрөт. Ошондой эле Батыш мамлекеттериндеги жана башка эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырып, басма сөз жыйындарын өткөргөн.

XS
SM
MD
LG