Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери башкармалыгынын басма сөз кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат таратты.
14-марттагы билдирүүнү Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттиги жазып чыкты. Анда аталган башкармалык жөнгө салуу аракеттерине карабай, чек арада кырдаал оор экенин маалымдаган.
"14-мартта Исфаранын Ворух жамаатына кире бериште топтолгон Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары делегация өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө жолтоо болушту. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30да чогулган аксайлыктар жолду жаап, тажик жарандарын таш менен ургулашкан" деп айтылат.
Тажик тарап бул күнкү тирештен Ворухтун Тидон участкасынын 1982-жылы туулган Расулиддин Тешаев аттуу тургунуна ок тийип, алган жараатынан окуя болгон жерде каза тапканын, 2003-жылы туулган Ансориддин Хайдаровдун оң колуна ок тийип, жергиликтүү ооруканада дарыланып жатканын кошумчалаган.
"Кыргызстандын жарандары жана чек арачылары мамлекеттик чек ара режимин одоно бузган, бул мамлекеттин тиешелүү органдарына баш ийбеген учурлар болду. Мындай аракеттер чек арадагы эскалацияга алып келди" деп жазылган тажик тараптын билдирүүсүндө.
Тажикстандын Чек ара башкармалыгы "Азаттыктын" тажик кызматына 13-мартта 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу тажикстандык жаран октон мерт болгонун билдирген. Буга чейин тажик тараптын расмий билдирүүсүндө «Кыргызстан Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун өкмөт аралык протоколду бузуу менен куруп баштаганы» айтылган.
Кыргызстан жолдун курулушу мыйзамдуу жана өз аймагында жүргүзүлгөн деп эсептейт.
Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын соңку билдирүүсүнө комментарий бере элек. Буга чейин аталган мекеме коңшулар Баткендеги жаңжалда каза болгон тажикстандыктар тууралуу расмий кабарлай электигин маалымдаган. Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, кыргыз тараптан 13-марттагы окуяда бир киши, 14-мартта дагы бир адам жаракат алып, ооруканада жатат. Бейшембидеги чатакта жараат алган адам милиция кызматкери экени аныкталды. Баткен облустук милициясы ал тажик тарап аткан октон жараат алганын билдирди.