Казакстан Өзбекстандын анарына койгон убактылуу чектөөсүн 14-мартта кайра алды. Бул тууралуу «Gazeta.uz» басылмасы Өзбекстандын министрлер кабинетине караштуу Карантин боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматына таянып кабарлады.
Коңшу өлкөнүн бул мекемесинин сайтында жазылгандай, мындай макулдашуу Астанадагы эки тараптуу сүйлөшүүдө кабыл алынган.
Казакстандын Айыл чарба министрлиги Өзбекстандын анарын жана Кыргызстандын картөшкөсүн, алмасын, курмасын ташып кирүүгө 19-февралда убактылуу тыюу салган.
Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), нематод Globodera rostochiensis (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген. Билдирүүдө 2018-жылы жана 2019-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандан ташылган өнүмдөрдөн 500дөн ашуун ушундай бирдиктүү карантиндик фитосанитардык эреже бузуу учурлары болгону айтылган.
Буга байланыштуу кыргыз-казак расмий өкүлдөрүнүн да сүйлөшүүсү өттү. Кыргызстандын өкмөтү азык-түлүккө чектөөнү алуу маселеси бир айдын ичинде чечилерин кабарлаган. (ErN)