Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Атамбаев үч саясатчынын арызы боюнча чечимдин үстүнөн шаардык сотко кайрылат


Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров. Коллаж.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Ахматбек Келдибековдун арызы боюнча Октябрь райондук соту чыгарган чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна кайрылат.

Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, райондук соттун чечими боюнча доо арызды экс-президенттин адвокаттары даярдап жатат.

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл этегинде сотко берген. Алар «экс-президент телеканалга берген интервьюда ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Арызды Бишкектин Октябрь райондук соту карап, Атамбаевди ар бир саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

Мындай соттун чечимине канааттанбаган саясатчылар да шаардык сотко кайрылган.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG