Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:54

Өзгөндө өспүрүм башына тийген октон каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Өзгөн районунда 14 жаштагы өспүрүм башына тийген октон каза болду. Кырсык аталган райондун Ийри-Суу айылында болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка караганда, 20-мартта 12 жаштагы жана 14 жаштагы бир туугандар үйдөгү аңчылык курал менен ойноп жатып иниси агасын башына атып алган. Өспүрүм ооруканага жетпей көз жумган.

Бул окуядан кийин Өзгөн райоундук ички иштер бөлүмү үйдөгү курал жана ок дарылардын сакталышынын мыйзамдуулугун текшерип жатат. Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG