Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

УКМК: айыл өкмөт башчысы пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысын пара менен кармады.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, 2019-жылдын 15-мартында Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу, 1967-жылы туулган С.Д. 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматка караганда, 2007-жылы аталган айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруш үчүн жалпы аянты 20 сотых жер участогу бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн жер тилкеси жергиликтүү органдарга катталбай калган.

Шектүү «жер тилкесин башка адамдарга өткөрүп берем» деп коркутуп, керектүү документтерди даярдап бериш үчүн 5 миң доллар талап кылган. Бул факт Жазык кодексинин «Опузалап пара талап кылуу» беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (BT0)

XS
SM
MD
LG