Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарына жакын жерде «эл аралык күчтөрдүн» аба соккусунан 13 карапайым тургун каза тапты. Алардын көбү балдар экени кабарланды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын билдирүүсүндө айтылат.
25-марттагы билдирүүдө «алгачкы тастыктоо көрсөткөндөй, аба соккусунан өлгөндөрдүн ону аскердик операциялардан улам жер которуп бараткан бир үй-бүлөдөгү балдар» экендиги айтылат.
Дагы үч тургун Кундуз шаарына чукул жерде 23-мартка караган түнкү «талибдерге каршы өкмөттүк күчтөрдүн операциясында» каза тапкан.
«Аскердик операциянын курмандыктарын аныктоо иши жүрүп жатат» деп айтылат миссиянын маалыматында.
Өткөн аптада Ооганстандын Коргоо министрлиги «Талибан» кыймылы 58 ооган жоокерин кармап кеткенин билдирген. Өлкөнүн Түркмөнстан менен чектешкен Багдис провинциясындагы өкмөттүк күчтөр эки жума мурда талибдердин чабуулуна кабылган.
Бир нече күн мурда Катардын баш калаасы Доха шаарында Ооганстандагы 18 жылдан берки согушту токтотуш үчүн Кошмо Штаттар менен талибдердин өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн соңку айлампасы жыйынтыкталган.
Кабулдагы өкмөт сүйлөшүүгө чакырылбаганына нааразылыгын билдирген.