Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Путиндин Кыргызстанга сапарынын жүрүшүндө 30дай келишимге кол коюлушу мүмкүн


Данияр Сыдыков баштаган топ Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары жөнүндө басма сөз жыйынын куруп жатат. Бишкек, Кыргызстан. 26-март, 2019-жыл.
Данияр Сыдыков баштаган топ Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары жөнүндө басма сөз жыйынын куруп жатат. Бишкек, Кыргызстан. 26-март, 2019-жыл.

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарынын жүрүшүндө 30га жакын келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, негизги келишимдер саясий, экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтык боюнча болот. Ошондой эле энергетика, транспорт, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр өтөт.

Мындан сырткары Кыргызстан жана Орусия аймак аралык бизнес конференциясы өткөрүлөт. Ага Орусиянын аймактарынын губернаторлору, ишкерлер, инвесторлордон куралган 700гө жакын адам катышат.

Кыргызстан жана Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму да болот. Форумга Орусиянын 40ка жакын университетинин ректорлору келет.

Орус президенти Владимир Путин марттын аяк ченинде Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери февраль айында кабарлаган. Бул анын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден берки алгачкы мамлекеттик сапары. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG