Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:53

Пакистан соту мурдагы премьерге дарыланууга уруксат берди


Наваз Шариф.
Наваз Шариф.

Пакистандын Жогорку соту 26-мартта коррупцияга айыпталып кармалган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифти алты күнгө күрөөгө бошотту.

Сот чечимине ылайык, 69 жаштагы Шариф бул убакыт аралыгында Пакистандын кайсы аймагында болбосун дарылана алат. Бирок ага өлкөдөн чыгууга уруксат берилбейт.

Камактагы мурдагы премьер жүрөк жана бөйрөк оорусунан жабыркап жүргөнүн, дарыланууга муктаж экенин анын адвокаттары айтып келишкен.

Февралда Исламабад шаарынын соту Шариф ооруканада дарыланып жатат деген негизде аны күрөөгө бошотуудан баш тарткан. Шариф жана анын адвокаттары Жогорку сотко даттанышкан.

Былтыр 24-декабрда Пакистандын Антикоррупциялык соту Шарифти «буга чейинки киреше булактарында көргөзүлбөгөн активдерге ээлик кылганы үчүн» күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан. Кызматтан 2017-жылы Жогорку соттун чечиминен кийин кеткен Шариф өзүнө коюлган кинелерди четке кагып, аны саясат менен байланыштырып жүрөт.

XS
SM
MD
LG