Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Бишкекте темир устун кичиавтобусту басып калды (видео)


Кырсык болгон жерде тартылган видеодон алынган сүрөт.
Кырсык болгон жерде тартылган видеодон алынган сүрөт.

Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилишинде, Ош базарга жакын жерде көчө жарнагынын темир устун жүргүнчү ташуучу кичиавтобусту жана бир жеңил автоунааны басып калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" окуянын күбөлөрү билдиришти.

Социалдык тармактардын колдонуучулары окуя 26-мартта түштөн кийин болгонун жазып, сүрөт жана видеолорду жарыялашты.

Бишкек шаардык мэриясы жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы да бул маалыматты тастыктап, окуя болгон жерде териштирүү жүрүп жатканын айтышты.

Муниципалдык органдар тактагандай, устун кулап, жолду тосуп калгандыктан №2, 10, 14 троллейбустук каттамдардын багыты убактылуу өзгөрдү. Каттамдар Ден-Сяопин көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө бурулуп, Москва көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин жүрөт. Андан ары өз багыттарын улантышат.

Кырсыктан жабыр тарткандар тууралуу азырынча маалымат жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG