Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:33

Базар-Коргондогу базарда өрткө каршы чаралар күчөтүлдү


Базар-Коргон районундагы борбордук базар.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы борбордук базарда өрткө каршы чаралар күчөтүлүп, акыркы бир аптанын ичинде эки жолу рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу райондун акими Айбек Бегимкулов «Азаттыкка» билдирди:

- Жаз алды менен райондогу айылдарда элдик жыйындар өтүп, анда жергиликтүү тургундар борбордук базарды иретке келтирүүнү талап кылышты. Чындыгында район борборундагы чоң базарга башка жактан да келип соода кылышат. Өткөн жумада өрт өчүрүү жана башка тийиштүү кызматтар менен базардын ичинде рейд өткөрүп кеткенден кийин эле базар эски абалына түшүп жатат. Ошондуктан биз кайрадан өрт коопсуздугун сактоо эрежелерин эскертип, рейдди экинчи жолу өткөрүүгө мажбур болуп жатабыз. Баш ийбеген соодагерлерге айып салынышы мүмкүн.

Базар-Коргон районундагы борбордук базарда 2017-жылдын май айында өрт чыгып, 200дөй соодагердин 2000 чарчы метрдеги товарлары күйүп кеткен. (RsK)

XS
SM
MD
LG