АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын АКШдагы шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү боюнча иликтөөнү аны кызматтан четтетүү аркылуу «мамлекеттик төңкөрүшкө аракет кылуу» деп атады. Бул тууралуу Трамп Техаска иш сапары менен барарда билдирди.
Ал атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүн окуган эмес.
«Мени Мюллердин отчету кызыктырбайт. Мен толугу менен реабилитациялангам», – деди Трамп.
Роберт Мюллер эки жылга созулган иликтөөсүнүн жүрүшүндө Орусия шайлоолорго хакердик чабуулдар жана такталбаган маалыматтарды жайылтуу менен кийлигишкенин аныктаган. Ошол эле маалда атайын прокурор президент Трамптын же анын командасынын Орусия менен кутумга барганы тууралуу далилдерди тапкан эмес. Бирок президентти күнөөсүз деп атоодон баш тартып, бул маселени башкы прокурордун кароосуна калтырган. Уильям Барр өз кезегинде Трампты жоопкерчиликке тартпоо жөнүнө чечим кабыл алган.
Башкы прокурор Мюллердин отчетун америкалык мыйзам чыгаруучуларга ушул жумада берерин айткан. Бирок ал демократтардын документти толугу менен элге жарыялоо боюнча сунушун четке каккан.