Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев прокуратура органдарына болгон элдин ишеними дагы эле жогору эмес экенин айтты. Ал парламенттин жалпы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, мунун үстүнөн иштөөгө чакырды:
- Ар бир депутаттын өзүнүн иши. Сизди мактап, «өмүрүңүз узун болсун, ден соолугуңуз чын болсун» деген каалоолор айтылып жатат. Бирок чечимди өзүңүз чыгарышыңыз керек. Кыргызстанда азыр калыстык толук орной элек. Сиз мунун үстүнөн иштешиңиз керек. Прокуратура органдарына болгон ишеним сиз келгенден бери эле абдан жакшы болуп кеткен жери жок. Мунун үстүнөн да иштеш керек. Анткени эгемендик алгандан бери топтолуп калган маселелер акырындык менен чечилет.
Башкы прокурор Жогорку Кеңеште прокуратура органдарынын 2018-жылдагы аткарган иши боюнча отчёт берип жатат.
Жыйында бир катар депутаттар башкы көзөмөл органынын аткарган иши жакшы экенин айтып, отчётту колдоп добуш берерин жарыялашты. (BTo)