Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Камактагы өзбек аткаминерлери кыйноого кабылганын айтышууда


Улугбек Суннатов
Улугбек Суннатов

Ташкентте мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров менен кошо айыпталып камалгандардын айрымдары ур-тепкиге алынып, психологиялык кыйноого кабылганын билдиришти. Бул тууралуу алар кезектеги соттук отурумда айтышкан.

“Азаттыктын” өзбек кызматы жеке булактарына таянып кабарлагандай, башкы прокурордун мурдагы орун басары Улугбек Суннатов тергөө учурунда аны таяк менен сабашканын, күнөөсүн моюнуна алуудан баш тартканда электрошокер колдонушканын айткан.

"Суннатов кыйноолорго чыдабай, асынып алууга аракет жасаптыр. Бирок түрмө күзөтчүлөрү билип калып, аны жылаңач чечиндирип, беш күн карцерге отургузуп коюшкан", – деди сот жараянына катышкан булактардын бири.

Башкы прокуратуранын уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Улугбек Хуррамов болсо кызын жертөлөгө камайбыз деп коркутушканын, буга байланыштуу Рашид Кадыровго каршы көрсөтмө берүүгө аргасыз болгонун билдиргени айтылууда.

Хуррамов тергөөчүлөр аны катуу сабап, колу-бутун сындырышканын белгилеп, медициналык экспертизаны талап кылган.

10-апрелде эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюму Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровду кыйноого алуу ыктымалдуулугуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Бир күндөн кийин Өзбекстандын башкы прокуратурасы Кадыров жана кылмыш ишинин башка фигуранттары ур-токмокко алынбаганын айткан.

67 жаштагы Рашид Кадыров Өзбекстандын башкы прокуратурасын 15 жыл башкарган. 2015-жылы кызматтан алынып, былтыр 22-февралда кармалган. Ал «опузалоо», «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара алуу» беренелери менен айыпталууда.

XS
SM
MD
LG