Кыргызстанда мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында миң наристе бала бакчага барат. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке чейинки даярдыктан өткөрүүнүн ар кыл формалары ишке киргизилүүдө. Учурда 3-7 жашка чейинки балдардын 40,9% мектепке чейинки билим берүү менен камтылган.
Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын алкагында Мамлекеттик социалдык тапшырык программасы иштелип чыгып, калктын социалдык жактан аяр катмарына жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган.
Программа Бишкек шаарында пилоттук долбоор катарында киргизилет. Программа аркылуу республикалык жана муниципалдык бюджеттин каражатынан 50% төлөм каралып, 1000 баланын жеке балдар бакчасына баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Төлөмдүн калган 50% бөлүгүн ата-энелер төлөшөт.
Программаны ишке ашыруу Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн. Учурда аталган программага катышууга мүмкүндүгү бар жеке балдар бакчасын тандоо процедурасы ишке берилүүдө.
Ушул тапта Кыргызстандагы 2-6 жаштагы 800 миңдей баланын 24% гана бала бакчага барат.
Билим берүү министрлигинин маалыматында, Бишкекте 14 миң 700 орундуу бала бакчада 33 миңден ашуун бала тарбияланат. Балдардын санын мамлекеттик стандартка туура келтирүү жана кезекте тургандарды кабыл алууга Бишкектин өзүнө эле 200дөй бала бакча куруу зарыл. (КЕ)