Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Шри-Ланкада өлгөндөрдүн саны 100 кишиге аз болуп чыкты


Жардыруу болгон чиркөөлөрдүн биринин ичи.
Жардыруу болгон чиркөөлөрдүн биринин ичи.

Шри-Ланка бийлиги Пасха майрамындагы теракттардан каза болгондордун саны болжол менен жүз кишиге аз болуп чыкканын жарыялады. Бул тууралуу Би-би-си Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып кабарлады.

Буга чейин жекшембиде болгон жардыруулардын курмандыктары 359га жеткени айтылган. Учурда каза тапкандардын саны 253түн тегерегинде деп эсептелди.

21-апрелде христиандар Пасха майрамын белгилеп жатканда Шри-Ланканын баш калаасы Коломбодо жана анын тегерегиндеги шаарчалардагы чиркөө жана мейманканалар сыяктуу бир катар мекемелердин жанында катар-катары менен тогуз жардыруу болгон. Андан 500дөн ашык киши жаракат алган.

Жардыруулар үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган. Жергиликтүү полиция жардырууга шектелип жетимиш киши кармалганын кабарлаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG