Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Балыкчы шаарынын мэри 14-майда шайланат

Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 14-майга дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Жаңы мэрди шаардык кеңештин депутаттары шайлайт.

Ал эми Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал Мамкаттоонун мурдагы башчысы Алина Шаикованын ордуна келген. Шаикова паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендер чырына байланыштуу кызматтан алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG