Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

«Талибан» Ооганстандагы өкмөттүк эмес уюмга чабуул койду


Кол салуу болгон жер.
Кол салуу болгон жер.

Ооганстанда 8-майдагы «Талибан» кыймылы «Каунтерпарт интернешнл» эл аралык уюмуна кол салып, тогуз киши мерт болду. Алардын бешөө полиция кызматкери, бирөө күзөтчү, дагы үчөө жайкын тургундар экени такталды. 20дан ашуун киши жарадар болгон.

Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Насрат Рахими куралдуу кагылыш күндүзгү саат 11де башталып, бир сааттай атышуу болгонун билдирди.

- Адегенде жанкечти эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдун кеңсесине чабуул койгон. Андан соң төртөө комплекстин ичине кирип барышкан. Полиция ал аймакты курчап, бардык чабуул койгондорду жок кылды, – деди Рахими.

Ал «Каунтерпарт интернешнл» уюмунун 200 кызматкерин аман сактап калууга мүмкүн болгонун да кошумчалады.

«Талибандын» өкүлү Забиулла Мужахид «Батыштын зыяндуу аракеттери» жана «аял-эркекти аралаштырганы» үчүн ушул кол салууну уюштурганын билдирди.

Бул кол салуу мусулмандардын ыйык Орозо айында жана Вашингтондун өкүлү ооган өкмөтү менен талибдерге ортомчу түшүп, 18 жылдык согушту токтотуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда болду.

ЮСАИД менен кызматташкан «Каунтерпарт интернешнл» уюмунун өкүлчүлүгү Ооганстанда 2005-жылы ачылган. Алар аялдарды колдогон долбоорлорду аткарып, коомдун башка да аялуу катмарлары менен иш алып барат.

АКШнын Ооганстандагы элчиси Жон Басс кол салууну сындады. Кол салууга кабылган эл аралык уюм жергиликтүү коомдорго жардам берип, журналисттерди окутуп, ооган элин колдоп келе жатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG