Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Милиция кызматкери баланы куткаруу үчүн итти аткан


Милициянын кичи сержанты Адилет Бекжанов. (Сүрөт ээси Чүй облустук ИИБ)
Милициянын кичи сержанты Адилет Бекжанов. (Сүрөт ээси Чүй облустук ИИБ)

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Адилет Бекжанов үч жаштагы баланын өмүрүн сактап калды. Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 16-майда "Дордой" базары тарапта болгон.

Милиция кызматкери Адилет Бекжанов кыйкырган үндөн улам көчөгө чуркап чыгып, кичинекей баланы ит тиштеп алганын көргөн. Карап турган адамдар баланы куткара албай койгон. Айбан баланы сүйрөп жөнөгөндө, милиция кызматкери табелдик куралын колдонууга мажбур болгон.

Андан кийин "Тез жардам" келип, наристени ооруканага алып кеткен.


"Баланын ата-энеси милиция кызматкери Адилет Бекжановго ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат ИИБ тараткан маалыматта.

"Милиция кызматкери тууралуу" мыйзамдын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жаныбарлар адамга катылган учурда табелдик куралды колдонууга уруксат берилет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG