Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Саудия падышасы араб өнөктөштөрүн чукул жыйынга чакырды


Салман бен Абдел Азиз ал-Сауд
Салман бен Абдел Азиз ал-Сауд

Сауд Арабиясынын падышасы Салман бен Абдел Азиз ал-Сауд Иран менен мамиле бузулуп жатканына байланыштуу араб союздаштарын чукул жыйынга чогулууга чакырды.

30-майга белгиленген саммитте кеме жүрө турган жана мунай казылуучу аймактарга жасалган соңку кол салуулар талкууланары айтылды.

“Бириккен Араб Эмирликтеринин жээгиндеги төрт коммерциялык кемеге жана Эр-Рияддын жанындагы мунай казылуучу базаларга жасалган кол салуу талкууланат” деп билдирди Сауд Арабиясы.

Иран бийлиги ал кол салууларга эч тиешеси жоктугун айтып келет. Бирок Тегеран колдогон йемендик козголоңчулар чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышкан.

Сауд Арабиясынын жакын өнөктөшү АКШ падышанын Меккеде саммит өткөрүү сунушун кубаттап, “Жакынкы Чыгыштагы курч кырдаал араб өлкөлөрүнүн Перс булуң боюнча бирдиктүү позициясын талап кыларын" билдирди.

2018-жылы АКШ «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде 2015-жылы Тегеран менен дүйнөнүн алты өлкөсүнүн ортосунда кол коюлган келишимден чыгарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын кайра баштаган. Тегеран санкциялардын кайра жанданышын мыйзамсыз чечим деп эсептейт. Ушундан улам Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтоторун жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG