Бүгүн Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарына арналган медиа форум ишин баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Форумга президент Сооронбай Жээнбеков катышат.
Кыргызстандын төрагалыгы алдында уюштурулуп жаткан иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУнун катчылыгы, уюмдун курамындагы мамлекеттердин алдыңкы маалымат каражаттарынын өкулдөрү жана эксперттер катышат. Форумда ШКУну өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу талкууланат.
Катышуучулар ШКУнун бирдиктүү маалымат мейкиндигин кеңейтиш үчүн ЖМКнын бирдиктүү мамилесин иштеп чыгуу боюнча учурдагы маселелерди талкуулашат. Форум 25-26-майда Ысык-Көлдө ишин улантат.
ШКУнун катарына Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. (КЕ)